Menu Close

Изник ишеним белгиси / Kyrgyz Nicene Creed

     

Биз бир Кудайга ишенебиз. Ал баарынан Кудуретүү Ата, асман-жердин жана бардык көрүнгөн-көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу.

Жана да Эгедер Ыйса Машаякка ишенебиз. Ал атамзамандан мурда Атадан жалгыз туулган Кудай Уулу, Жарыктан Жарык, Кудайдан Кудай, туулган, жаратылган эмес, Ата менен табиятташ. Ал бардык нерселерди жараткан. Ал биз үчүн жана куткарылуубуз үчүн асмандан келип, Кыз Мариядан Ыйык Рух аркылуу адам кейпин алган. Ыйык Жазмалар боюнча, Ал Понтий Пилаттын алдында биз үчүн чырымга керилип, азап тартып, көргө коюлуп, үчүнчү күндө кайра тирилип, асманга көтөрүлүп кеткен жана азыр Атанын оң жагында олтурат. Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоо үчүн Ал ошол жактан шаң-салтанат менен кайра келгенде Анын падышачылыгынын аягы болбойт.

Жана да Ыйык Рухка ишенебиз. Ал Эгедер жана Өмүр берүүчү, жана да Атадан чыгып туруучу. Ал Ата жана Уул менен бирдей табынууга жана даңкталууга татыктуу. Ал пайгамбарлар аркылуу сүйлөгөн.

Жана бир ыйык, баарыбызга жалпы жана элчилик Жамаатка ишенебиз. Күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн бир чөмүлтүүнү тааныйбыз. Өлгөндөрдүн тирилишин жана келечектеги дүйнөнүн жашоосун күтөбүз. Амин.

Show Buttons
Hide Buttons